АКШда дарыгерлер 4 айлык наристенин мээсинен тиш алып чыгышты

АКШнын Мэриленд штатында дарыгерлер 4 айлык наристенин баш мээсинен калыптанып калган тишти алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, аталган штаттын тургундары баласынын башы тездик менен чоңоюп жатканын айтып, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер наристенин баш мээсинде шишик - краниофарингиома (баш мээнин акырындык менен өсүүчү шишиги, бул илдет тубаса болуп саналат) бар экенин аныкташкан. Наристенин диагнозу белгилүү болгондон кийин хирургдар операция жасашкан. Операция учурунда алар баланын баш мээсинен калыптанып калган тишти алып чыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, мындай окуя биринчи жолу катталган.

Мэриленд университетинин медициналык борборунун нейрохирургу Нарлин Бит шишиктин ичинде тиштин болушу мүмкүн эместигин айткан. Ошондой эле наристенин тишинин калыптанышы үчүн 4 ай өтө эле аз убакыт экенин белгилеген.

Учурда ымыркайдын абалы канааттандырарлык. Ал эми анын баш мээсинен алынган тиш изилденүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2019-04-25 19:18:46
О кудай
0
Respect.
2019-04-25 22:38:31
Американын кылган жоруктарынан улам, Кудайдын буларга кылган жобу...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан