Түндүк Кореянын лидери Путинге кылыч белекке берди

Орусиянын Владивосток шаарына келген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Владимир Путинге кылыч белекке берди. Бул тууралуу Риа новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Владивосток шаарына Путин менен алгачкы жолу жолугушту.

Кылычты белекке берип жатып Ким Чен Ын "Көп убакыт мурун заманбап курал жарактар жок кезде элдер ушундай кылычтарды колдонушкан. Бул тартуу белек сизге кайрат-күчтү, менин жан дүйнөмдү жана сизди колдогон биздин элди чагылдырат" деген. Ал эми Путин ага ыраазычылыгын айтып, өзүнүн да белеги болгон кылычты тартуулаган.

Эки өлкө башчы бири-бирине курал тапшырган жаман белги экенин эске алышып, символикалык түрдө тыйын алмашышкан.

Түндүк Кореянын лидери бул жолугушууга атайын даярдалган поезд менен келген. Өлкө башчылар Корей жарым аралынын өзөктүк программалары жана эки тараптуу мамилени талкуулай турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-04-25 22:58:06
Путиндин кичине кызы менен тен ХХХХ
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан