Орусияда багып алган энеси тарабынан катуу сабалган бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 7 жаштагы Степан аттуу бала 2018-жылы август айында катуу сабалган абалда ооруканага жеткирилген. Аны эс-учу жок абалда үйүнөн 13 жаштагы эжеси таап, “Тез жардам” чакырган.
"Алгач баланы сабоого шектелип анын эжеси суракка алынган. Бирок кийин ал бакма бала экени жана багып алган энеси тарабынан дайыма ур-токмокко алынып келгени аныкталган. Бала башынан катуу жаракат алган, мындан сырткары анын денесинде көптөгөн оор жаракаттар болгон. Көп айларга созулган дарыгерлердин аракети оңунан чыккан жок. Кечээ Степан ооруканадан каза болду, буга байланыштуу баланын багып алган энеси Анна Блохинанын баш коргоо чарасын өзгөртүү каралууда. Буга чейин ага кылмыш иши козголгон. Анын жашы жете элек дагы 3 баласы болгондуктан ал камакка алынган эмес. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери буга чейин бала жакшы шартта жашап жатат деген шылтоо менен документтерди өз алдынча толтуруп келишкен. Мындан сырткары баланын багып алган энеси жана атасы спирт ичимдиктерин көп ичкени да ачыкталды.