20-апрелден 25-апрелге чейин Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы болуп өттү. "Кыргыздын салттуу музыка" коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын Азамат Болгонбаев иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн айтат.
"Музыка жумалыгынын алкагында жалпы 15 иш-чара уюштурулган. Алардын бардыгы ийгиликтүү аяктады. Жумалыктын алгачкы күнүндө “Салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу”, “Салттуу музыкалык аспаптардын жасалышы, таралышы жана функционалдык ролу” темасындагы тегерек стол өттү. Андан кийин салттуу музыкалык аспаптарды үйрөтүү жана аспаптардагы айрым ыкмаларды өздөштүрүү боюнча видеосабактар көрсөтүлдү. Ошондой эле окуу жайлардын студенттерине Казакстандан, Өзбекстандан келген окутуучулар, илимдин докторлору лекция окуп, тажрыйбалары менен дагы бөлүштү.
Ал эми концерттик программанын биринчи күнүндө комузчу, кыякчы, чоорчулардын концерти, экинчи күнү элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын концерти болду.
Кечээ, 25-апрелде салттуу музыка жумалыгы жыйынтыкталып, анда "Ала-Тоо" аянты улуттук аспаптарды жасаган усталардын мастер-класстары жана көргөзмө-жарманкеси уюштурулду. Кечинде Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына арналган жумалыктын жабылуу аземи гала-концерт менен жыйынтыкталды. Музыка жумалыгын өткөрүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп, иш-чара жогорку деңгээлде өттү", - дейт ал.