Ырчы Айпери Кубик кызы экинчи баласын төрөп, үйдө отуруп калбастан соода жаатында иштеп баштады. Тагыраагы, ырчы кийим-кече саткан дүкөн ачты. SUPER.KG порталы Айпери Кубик кызына байланышканда ал буга чейин гүл саткан дүкөн дагы ачканын айтып, буларга токтолду.
"Негизи соода тармагында иштеп көргөн эмесмин. Бул тармакка жолдошум тартып жатат. Тагыраагы, жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет, учурда мага да үйрөтүп жатат. Дүкөн ачууну жолдошума сунуштасам макул болгон. Алгач 8-Март майрамына карата гүл саткан дүкөн ачтык. Апам гүлдөрдү аябай жакшы көргөндүктөн дүкөндү апама берип, ал иштетип жатты. Кийинчерээк кийим саткан дүкөн ачууну пландап, ишке ашырдык. Буюрса, дагы жакшы иштерди баштайын деп жатам", - дейт ырчы.
Айпери Кубик кызы 2014-жылы Нарулан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1 уулдуу болушкан. 2016-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Ырчы 2018-жылдын апрель айында турмушка чыгып, 2019-жылдын 13-мартында уулдуу болгон.