Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы медициналык колледждин директоруна Чүй облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Окуу жайдын башчысы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда. Тактап айтканда, ал колледждин мугалимдеринин айлык акысынын эсебинен 93 миң сомду өз кызыкчылыгына пайдаланып жибергени айтылууда. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.