"Азыр сени тытып салышат". Уранга каршы митинг экс-депутаттын катышуусундагы чыр менен аяктады (видео)

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектеги Ак Үйдүн алдында Ысык-Көл облусундагы "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршы митинг өтүүдө. Анда активисттер, коомдук ишмерлер катышууда.

10:00. Митинг башталды. Катышуучулардын арасында экс-депутаттар Чолпон Жакупова, Равшан Жээнбеков, экс-элчи Кылычбек Султан, тарыхчы Элери Битикчи, активисттер Адил Турдукулов, Алга Кылычов, Өндүрүш Токтонасыров жүрөт.

10:10. Адил Турдукулов: "Уран казууга мораторий киргизүү эмес, биротоло тыюу салуу керек".

10:20. Учурда митингде 100дөн ашык адам катышууда.

10:25. "Митингге туугандарды, кошуналарды чакырып, уран казууга каршы петицияга кол койгула", - дешти уюштуруучулар.

10:27. Активист Алга Кылычов: "Биз кыргыз эли таза абабыз, Ысык-Көлүбүз менен сыймыктанып келебиз. "Урандын зыяны жок" деп айткан туура эмес. Бүгүн өзүбүздөн болбосо да башка мамлекеттен сабак алышыбыз керек. Жарды мамлекет бул уранды иштетип кетет деген болбойт. Ар бирибиз туруктуу позицияда мындан кийин уран иштетүүгө каршы болушубуз керек".

10:40. "Бизге кур сөз эмес, мыйзам керек", "Уранга каршыбыз", "Уран кетсин" деп кыйкырышууда.

10:50. Чернобыль окуясына байланыштуу бир мүнөттүк эскерүү болду.

11:00. Журналист Мелис Арыпбек: "Арам акчага сатылгандар кыргыз элинин башын айландырып жатат. Канчалаган премьер-министр алмашса да уранды казууну колдоп чыгыптыр. Мен сиздерди келечек үчүн, уранды казууга каршы биригүүгө чакырам".

11:10. Экс-депутат Равшан Жээнбеков журналисттерге: "Уран маселеси боюнча өкмөткө ишеним жок. Лицензияны тартып алуу боюнча өкмөттүн чечими юридикалык күчкө ээ эмес. Чет элдик инвесторлор Улуу Британиядагы же башка мамлекеттеги сотко бериши мүмкүн. Бүгүн жарандар митингге чыгып, өз позициясын так айтышты. Бул жакшы көрүнүш".

11:15. Активист Өндүрүш Токтонасыров: "Ак Үйдөгүлөр Ысык-Көл биосфералык аймак экенин билип туруп, кен өндүрүүгө жол бергени чыккынчылык. Өкмөт ишти токтоттук деди, бирок расмий кагаздарды элге көрсөтсүн. Алар кыргыз элин жаш баладай көрүп, алдап койгусу келип жатат. Ар кимдин сөзүнө алдансак ушундай беткап кийип калабыз. Бүт Кыргыз мамлекетинде уран казуу токтотулсун".

11:50. Митингдин алып баруучусу Улан Үсөйүн экс-депутат Равшан Жээнбековго сөз бербей, ортосунда микрофонду талашуу орун алды. Митингдин катышуучулары Жээнбековду "чыккынчы" деп атап, "азыр батыраак кетип калбасаң, сени тытып салышат" дешти.

Кийин Жээнбеков журналисттерге эмнеге ага сөз берилбегенин өзү түшүнбөй калганын айтты. "Башка күчтөр келип, сүйлөтпөөгө аракет кылды" деди экс-депутат.

Алып баруучу Улан Үсөйүн окуяны сөз сүйлөөгө микрофонго чыккан адамдардын тизмесин уюштуруучулар түзгөнү менен түшүндүрдү. "Микрофон тизме боюнча берилип жатты. Ал киши тизмеге жазылбай эле сөз сүйлөөгө аракет кылды", - деди Үсөйүн.

11:55. Катышуучулар депутат Алмамбет Шыкмаматовду курчап алып, "бул жерде өзүңөргө жарнама кылбай эле койгула" дешти. Ал уран казууга каршы экенин жана тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаганын айтып берди. Митингдин жүрүшүндө парламенттеги депутаттар сынга алынып жаткан.

12:00. Митинг аяктап, эл тарап баштады. Андан соң резолюцияга кол топтоо уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Jaznura
2019-04-26 11:20:53
Митингди Кой-Ташта эле өткөрбөпсүңөр. Жамгырда үшүбөй, жоопко тартылчу киши да ошол жерде эле
+6
Erik2018
2019-04-26 11:23:37
Уран кенин иштетүүгө каршы митингдин максаты башкада экени билинди. Булар уран эмес саясий упай топтоо менен алек.
+8
elchi84
2019-04-26 11:33:15
Равшан Жеенбековдун башка иши жок окшойт а.
+14
Take_men
2019-04-26 13:11:48
Чындыгында кеп кайда жатат. Атамбаев мамлекеттик деңгээлде кол койгон келишимди Соке буза алабы? Эгер бузса алып уран казууну токтотсо упай Сокеники
+4
Nursbaike
2019-04-26 13:54:26
Рав братан вряд ли кыргыз эли учун зыян деп куйуп атамбы деп озунун да кулкун келсе керек олтуруп сенин ниетин болок . Бекерчи окшойт чын эле Этият болуш керек булардан
+6
shergazy9
2019-04-26 14:54:19
Чынында азыркы бийлекке коо жабуу учун ээми ачыктап жатышат,эмне учун 5жолу лицензия берилген учурда уунчукпай,корбой келишкен.
+6
PROS
2019-04-26 16:15:47
shergazy9, аша жок кылат эле да анда кыңк эткенин)
+3
Sajakat14
2019-04-28 23:05:33
Политиктерден абайлаш керек! Упай топтоого эле чыгышат очредсиз микрофон талашып, өздөрүн элден башкача сезип тим эле!
0
Sajakat14
2019-04-28 23:07:12
Суперинфо мен 6 комментарий жаздым эле бир 6 саат мурдараак. Баарын өчүрүп салыптырсыңарго?!
0
admin_portal
2019-04-29 10:06:54
Sajakat14, саламатсызбы! Кайсы темага кандай билдирүү калтырган элеңиз. Алты саат мурун сиз тараптан комментарий жазылган эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан