Жалал-Абад. Тайгараев аймактык башкармалыгынын жашоочулары жаңы курулган ФАПты мектеп кылабыз дешүүдө

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Сатыбалды Жээнбеков атындагы айылга жаңы ФАП курулду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Тумарбек Райимбердиев билдирди. Айтымында, ФАПтын курулушу үчүн жергиликтүү бюджеттен 160 миң сом сарпталган. Ал эми аталган айылда 1050 жашоочу бар. "Жергиликтүү жашоочулар ФАПты башталгыч класстын окуучулары үчүн пайдалансак деген сунуш айтышууда. Себеби балдары окуп жаткан мектеби алыс. Жолдо унаа кыймылы көп болгондуктан балдарын окууга жөнөткөндөн кооптонушууда",- дейт Райимбердиев. ФАП деп курулган имараттын медициналык бөлүмчө же чакан мектеп болорун шаар бийлиги чечет. Эгер мектеп болсо шаардык билим берүү башкармалыгы ал жерди окууга керектелүүчү жабдуулар менен камсыздайт. ФАП бойдон калса медициналык жабдуулар менен саламаттыкты сактоо башкармалыгы камсыздай турганын айтат башкармалыктын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан