Бишкекте бүгүн, 26-апрелде "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда 18 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Саамалыкта "Орто Азиянын мыкты тасмасы", "Орто Азиянын мыкты актрисасы", "Орто Азиянын мыкты актёру" наамдары да тапшырылды. Аземге чет өлкөлөрдөн да коноктор келишти.
"Ак илбирс" киносыйлыгы менен бир жыл ичинде кино жаатында эң мыкты эмгектерди жаратып, улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн өз ишинин мыкты адистери сыйланды.