Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында "мыкты актриса" деп табылды. "Экинчи жылы сыйлыкты алып жатканыма ишенбей турам" деген актриса SUPER.KG порталына сезимдери менен бөлүштү.
"Улуттук киносыйлыкты быйыл дагы алам деп күткөн эмесмин. Жылда эле мага бериле бермек беле деп ойлоп жаткам. Сахнага мени чакырганда аябай толкундандым. Азыр деле толкунданып турам. Быйылкы "Ак илбирс" сыйлыгынын статуэткасы алтындан экен. Ал эми менин атаандашым, тагыраагы, "Аялдын мыкты ролу" наамына менден башка Альбина Имашова катышканын кызыл килемден өтүп жатканда билдим", - дейт ал.
Актриса Таалайкан Абазова "Көк бөрү" жана "Дарак ыры" көркөм тасмаларындагы ролу үчүн "мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн.