Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде кино жаатындагы мыктыларды аныктаган "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи болду. "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы быйыл 8-ирет өтүп, 18 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
"Мыкты тасма" - "Дарак ыры" - Айбек Дайырбеков;
"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы" - "Көк бөрү" - Руслан Акун;
"Аялдын мыкты ролу" - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова ("Дарак ыры");
"Эркектин мыкты ролу" наамы - Аскат Сулайманов ("Такебай");
"Мыкты сценарий" наамы - Садык Шер-Нияз, Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры");
"Мыкты режиссёр" наамы - Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры ");
"Мыкты оператор" наамы - Мурат Алиев ("Көк бөрү");
"Мыкты монтажер" - Элдияр Мадакимов ("Дарак ыры");
Мыкты үн режиссёру - Бакыт Ниязали ("Дарак ыры");
"Мыкты сүрөтчү" наамы - Максат Болотбек ("Дарак ыры");
"Мыкты композитор" - Жолдошбек Абас ("Дарак ыры");
"Мыкты документалдуу тасма" - "Ещё раз про любовь" ("Дагы бир жолу сүйүү тууралуу"), режиссёру Жанышбек Дадабаев;
"Мыкты кыска метраждуу тасма" - "51+" режиссёру Данияр Абиров;
"Борбор Азиянын мыкты актёру" - Карим Мирхадиев (Өзбекстан);
"Борбор Азиянын мыкты актрисасы" - Динара Бактыбаева (Казакстан);
"Борбор Азиянын мыкты тасмасы" - "Ласковое безраличие мира" (Казакстан);
Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн "Ак илбирс" киносыйлыгынын атайын статуэткасы менен Кыргыз Эл артисти Манасбек Мусаев жана Тажик Эл артисти Давлатназар Худаназаров сыйланды.