Шри-Ланкада дагы 3 жарылуу орун алды

Шри-Ланкада дагы 3 жарылуу орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жарылуу өлкөнүн чыгыш тарабындагы Калмунай шаарында орун алды. Жанкечтилер жашырынып жаткан аймакты тазалоо үчүн күч органдары атайын операция жүргүзүп жаткан учурда, бир нече адамдар өздөрүн жардырып жиберген.

Жарылуу болгон жерлерден "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун символдору түшүрүлгөн кийимдер, желектер жана жарылуучу заттар табылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

21-апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, 7-жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми 8-жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган. Натыйжада 250 адам каза болуп, 500дөн ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oscar
2019-04-27 00:01:31
Кудай сакта бейишке чыгасыңар десе эле жардыра беришеби
+2
admin_portal
2019-04-29 15:03:05
souza.j, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан