АКШнын президенти Дональд Трамп турган жакка белгисиз адам мобилдик телефонун ыргытып жиберди. Бул учурда ал Индианадагы Улуттук атуу ассоциациясынын иш-чарасында сүйлөө үчүн трибунага басып бара жаткан эле. Бул тууралуу Fox News басылмасы жазып чыкты.
Жарыяланган видеодо президент басып бара жатканда ыргытылган телефонду көрүүгө болот. Телефон учуп барып Трампка 1-2 кадам жакын аралыкка түшкөнүн президент өзү да караган.
Телефонду ыргыткан адам кармалганы белгилүү болду. Полиция анын мас абалда болгонун билдирген. Эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.