Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата борбор калаада бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Шаар тургундарын чет элдик ырчылар Согдиана, "Ялла" тобу куттукташат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Майрамдык концерт "Ала-Тоо" аянтында 29-апрелде кечки саат 19:00дө башталат. Ага орусиялык ырчы Согдиана, өзбекстандык "Ялла" тобу, Кыргыз эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, "Инсан" жана "Элес" топтору, үйлөмө аспаптар оркестри катышат. Майрамдык концерттен кийин фейерверк атылат.