Жалал-Абад. Шаарда 6 ай аралыгында 10 278 жол эрежесин бузуу фактысы катталган
Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери жол эрежесинин талаптарын бузгандыгы үчүн 10 278 айдоочу кармалган. Алардын ичинен 411 айдоочу спирттик ичимдигин ичип алып автоунаа башкаргандыгы үчүн кармалганын шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жамалдин Исманов айтат. Ал эми жарым жыл ичинде шаарда "За рулём", "Гололёд", "Тонировка", "Парковка", "Жүргүнчүлөрдү ташуу", "Көңүл бургула, балдар", "Крутой", "Переоборудования", "Жарнамалык тактайча", "Раскопка", "Фуражка", "Скорость", "Авторозыск-костоправ" жана "Автобус" аттуу рейддер өткөрүлгөн.