Түштүк кореялык актёр, ырчы жана композитор Пак Ю Чон камакка алынды

Түштүк кореялык актёр, ырчы жана композитор Пак Ю Чон камакка алынды. 32 жаштагы актёр баңгизатын колдонгон деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Пак Ю Чон 2019-жылдын февраль-март айларында мурунку сүйүктүүсү менен бирге 1,5 грамм филопон каражатын алган жана 5 ирет баңгизатын сайган деп шектелип жатат. Маалымат жыйынында Пак Ю Чон маңзат колдонбогонун, сүйлөшкөн кызы суранганы үчүн акча каражатын ага которуп турганын билдирген.

Окуя коомчулукка чыккандан кийин C-JeS Entertainment агенттиги аны менен болгон келишимди жокко чыгарды. Пак Ю Чон өзү да жаңжал чыккан соң шоу чөйрөдөн биротоло кетерин жарыялады.

2001-жылы Ю Чон музыкалык сынакты жеңип алып, SM Entertainment агенттигине чакырылган. 2003-2009-жылдары DBSK тобуна, андан кийин JYJ тобунда ырдап жүргөн. 2010-жылы сериалдарга тартылып баштаган. Анын катышуусундагы "Соңгюнгван жаңжалы" тарыхый сериалы, "Сени сагынам" мелодрамалык дорамасы ага атактуулукту алып келген. 2016-жылы "Жыттарды көргөн кыз" сериалында карындашын өлтүргөн адамды издеген полиция кызматкеринин ролун аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Simels
2019-04-27 13:24:06
Ушул Кореяныны актерлору бут ХХХХ болуш керек.
+1
kamchatka
2019-04-27 14:32:52
Ии шебаль деп кетсе керек
0
Zidan2
2019-04-27 14:59:00
Биринчи суротто жеки чан журотко
-2
aizbek
2019-04-27 16:12:55
Силерге кереги жок боолсо бизге керек
-8
ainura220888
2019-04-27 20:07:51
Блиин соонун актер. Я скучаю тебе сериялында главный геройду ойногон. Кореянын эн бай актерлорунун бири. Неге наркотик колдонду экен.
0
barakcha
2019-04-28 18:01:47
ainura220888,как раз байлар колдонот да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан