Бүгүн ырчы Асел Касымова туулган күнүн белгилеп жатат. Ал туулган күнүндөгү маанайы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Саат түнкү 12ден тартып эле куттуктоолор башталды. Ата-энем, досторум, күйөрмандарым куттуктап жатышат. Чыгармачыл адамдарда ушундай болот экен, бүгүн да жумуштарым менен жүрөм. Буюрса алдыда жакындарым менен белгилейм деп пландап жатам", - деди ал.
Сүйүү ырларына басым жасаган ырчы көп жылдан бери назик образда жүргөнү белгилүү. Макияж, чач жасалгасын өзү жасай турганын билдирген ырчы перфекционист (идеалдуулукка умтулган киши) экенин айтканы бар. Ал эми кече көйнөктөрүн тандоодо узундугуна басым жасайт. Ырчынын көркүнө көрк кошкон көйнөктөрүн төмөнкү сүрөттөр топтомунан көрсөңүздөр болот.
Асел Касымова 1985-жылы 27-апрелде Ош шаарында туулган. 2003-2007-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган. 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунда, андан соң 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдап келген. 2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын дебюту" наамынын ээси болгон.
27-апрелдин жылнаамасы.