Өлкөдө биринчи жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында марафон 1-май күнү Балыкчы шаарында өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Белгилүү болгондой катышуучулар 6 аралык боюнча күч сынашат. Даун синдрому менен жүргөн адамдар 500 метр, атайын арабада жүргөндөр 1 миң 500 метр, көзү азиздер 3 миң метр, кулагы укпаган жарандар 4 миң метр аралыкка чуркашат. Марафонго катышуучуларга моралдык колдоо көрсөтүү үчүн жаш курагы 40тан жогору жарандар да катышат. Алар 3 миң жана 5 миң метр аралыкка чуркашат.
Иш-чаранын максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго жана паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө аралаштыруу.