"Барселона" Испания чемпиондугунун 35-турунда "Левантени" утуп алды. Футболдук мелдеште жалгыз голду каталондук команданын чабуулчусу Лионель Месси жаратты. Муну менен команда 83 упай топтоп Испаниянын чемпиону аталды.
"Барселона" бул жеңиши менен чемпиондук титулду 26-ирет жеңип алды. Мелдештин тарыхында "Реал" 33 жолу чемпион болгон.
Ал эми Лионель Месси 10-жолу Испания чемпиону болду. Месси 2003-жылдан бери "Барселонада" ойнойт.