ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Актриса Жессика Альба 38 жашка толду. Ал учурда үч баланын энеси, ийгиликтүү ишкер

Америкалык актриса Жессика Альба 38 жашка толду. Ал 1981-жылы 28-апрелде Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Жессика Альба 5 жашында эле "актриса болом" деп чечкен. 12 жашка чыкканында актёрлук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Алгач актрисаны жөн гана массовкага кошуп тартып жатышкан. Башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда Жессти таланттуу болгону үчүн эмес, чачынын өңү башкаармандыкына окшош болгондугу үчүн гана бул ролго тандап алышкан. Жессика 14 жашында күтүүсүз кырсыкка кабылат. Аны “Флиппер” сериалына тартылып жаткан убагында уурдап кетишкен. Жессика Альбанын ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле машинанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Ал эми кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калган. Жессика Альба табылгандан соң бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, кызга болгон көңүл буруулар көбөйөт. Натыйжада, актриса “Беверли-Хилз 90210” сериалына тартылат. Көп өтпөй эле Жеймс Камерондон “Кара периште” тасмасына тартылуу сунушу түшөт. Бул тасмалардан соң Жессика Альба эл оозуна алына баштайт да, 2001-жылы АКШдагы эң сексуалдуу делген айымдардын катарынан орун алган.

2000-жылы "Кара периште" тасмасына тартылып жатканда өнөктөшү Майкл Уэзерли менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болот. Жаш курагындагы айырмачылык 12 жаш экенине карабай ал актёрго турмушка чыгууга да макулдук берген. 2003-жылы экөө мамилесин токтотушканын айтып чыгышкан. 2004-жылы "Фантастикалык төртөө" тасмасына тартылып жатканда Кэш Уоррен менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп башташкан. Экөө 2008-жылы Лос-Анжелес шаарында үйлөнүшкөн. Жубайлар эки кыз бир уулдуу болушкан. Кыздары Онор Мари Уоррен менен Хэвен Гарнер Уоррен жана уулу Хэйес Альба Уоррен. "Кызым, сен төрөлгөндөн кийин мен бул жашоого эмне үчүн жаралганымды түшүнгөм" деген актриса учурда ири долбоорлорго катышпай келет. Анын таза азыктарды өндүрүү тармагында ийгиликтүү бизнеси бар. Аналитиктер анын акцияларынын баасын 200 миллион долларга баалашкан.

28-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2019-04-28 20:27:08
Тике кыз чынында
0
monster_high_98
2019-04-28 20:54:44
Аябай жылдыздуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан