Түштүк Африкада абага көтөрүлгөн учактын турбинасына чымчык кирип кетип өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-апрелге караган түнү орун алган. Анда Boeing 767 үлгүсүндөгү Zimbabwe Airways компаниясына таандык учак абага көтөрүлгөндөн кийин көп өтпөй кайра аэропортко конууга аргасыз болгон.
"Йоханнесбург-Хараре багыты менен уча турган учак кайра эл аралык Тамбо аэропортуна кайтууга аргасыз болгон. Абага көтөрүлгөн учактын сол канатынын турбинасынан өрт башталган. Өрттүн келип чыгуусуна турбинага чымчыктын кирип кеткени себеп болгон. Тилсиз жоону өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр жана башка тиешелүү кызматтын кызматкерлери тартылган. Окуядан жабыркагандар болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.