Шри-Ланкадагы теракттын негизги уюштуруучулары деп шектелгендер кармалды

Шри-Ланкадагы теракттын негизги уюштуруучулары деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кармалгандар - бир тууган Мохамед Саадик Абдул Хак менен Мухамед Саахид Абдул Хак. Алар Гампола шаарындагы тууганынын дүкөнүндө жашынып жүргөнү белгилүү болгон. Аларды аталган шаарга алып келген унаанын айдоочусу, дүкөндүн ээси да камакка алынган.

Окуянын чоо-жайы:

21-апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, 7-жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми 8-жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган. Натыйжада 250 адам каза болуп, 500дөн ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганы айтылган. Жардыруулар боюнча "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан