Санкт-Петербургда мина жарылып, кырсыктын кесепетинен темир чогултуп жүргөн бала колунан айрылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30 чамасында Невский районунун аймагында орун алган. Анда Улуу Ата Мекендик согуш маалынан калып калган мина жарылып кеткен.
"20 жаштагы жабырлануучу ал аймакта темир чогултуп жүргөн, бул маалда мина жарылып кеткен. Натыйжада жабырлануучунун колу үзүлүп кеткен. Учурда ал ооруканада жатат, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул окуяга байланыштуу текшерүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.