Башкортостанда аялын, эки баласын жана өгөй кызы менен анын уулун өлтүргөн жаран колго түшүрүү маалында өз өмүрүнө кол салды

Башкортостанда аялын, эки уулун жана өгөй кызы менен анын баласын өлтүргөн жаран колго түшүрүү маалында өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, полицияга арыз менен апрель айында шаар тургуну кайрылган. Анда ал 22 жаштагы курбусу менен 9 айлык баласы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында дайынсыз болуп жаткан кыздын апасы жана 2 иниси да дайынсыз экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

"Иликтөө иштеринин алкагында Башкортостандын 46 жаштагы тургуну 39 жаштагы аялын, өзүнүн 6 жана 2 жаштагы балдарын, мындан сырткары 22 жаштагы өгөй кызы менен анын 9 айлык баласын өлтүргөнү аныкталган. Төбө чачты тик тургузган окуя өткөн жылдын декабрь айында эле болгон. Эгер курбусун издеген кыз полицияга кайрылбаса, балким, бул кылмыштын бети ачылбай калмак. Үй-бүлөсүн өлтүргөн жаран кылмыштын бетин жашыруу максатында жансыз денелерди шаардын четиндеги дачасына алып барып, кошунасынын кудугуна ыргыткан. Батирди текшерүүгө келген полиция кызматкерлерине кылмышка шектүү эшикти ачпай өз өмүрүнө кол салганга жетишип, аны аман алып калууга мүмкүн болбой калган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kairhai
2019-04-29 16:01:36
Эмне болду ошондо кылмышкер өлдүбү же тирүүбү. Маалыматты толук жазсаңар!
-3
macho90
2019-04-29 17:19:27
kairhai,Батирди текшерүүгө келген полиция кызматкерлерине кылмышка шектүү эшикти ачпай өз өмүрүнө кол салганга жетишип, аны аман алып калууга мүмкүн болбой калган", - деп айтылат маалыматта.
+1
almanbetperm
2019-04-29 17:36:29
kairhai,маалыматты толук окусан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан