27-28-апрелде Кыргыз Премьер-Лигасынын 4-турунун беттештери орун алды. Чемпиондуктун лидери "Нефтчи" командасы конокто "Илбирс" клубун жеңип алса, жакында эле башкы машыктыруучусу кызматтан кеткен "Алга" клубу өз талаасында "Дордойдон" ири эсепте жеңилип калды.
"Алга"-"Дордой" 1:4
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оюн талаасында өткөн беттештин алгачкы бөлүгүндө Эрнест Батырканов менен Муролимжон Ахмедов айырмаланып, эсеп санын 2:0гө жеткирди. 2-бөлүктө "Алга" командасынын эсеп санын кыскартуу аракетинен жыйынтык чыкпай, 67-мүнөттөгү Батыркановдун экинчи голу оюндагы голдордун айырмачылыгын ири эсепке жеткирди. 80-мүнөттө Максат Алыгуловдун голу эсепти 3:1ге айлантса, алмашууга чыккан Антон Землянухин беттештин соңку мүнөтүндө "Дордойдун" 4-голун жаратып, конокторго жеңиш алып келди.
"Алай"-"Академия Лидер" 2:1
"Алай"-"Академия Лидер" беттеши Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өттү. Оюндун башынан баштап демилгени колуна алган "Алай" клубу 11-мүнөттө эсеп санын ачты. Голдун автору чабуулчу Мирбек Акматалиев болду. Биринчи таймдын кошумча мүнөтүндө Расулбек Ташланкулов эсепти 2:0гө жеткирди. Экинчи 45 мүнөттүктүн негизги убактысы дал ушу эсепте жыйынтыкталып, бирок калыс кошуп берген 3-мүнөттө Арген Исмаил уулу өз командасынын пайдасына 1 гол жаза алды.
"Абдыш-Ата"-"Кара-Балта" 2:1
"Нитро" стадионунда өткөн беттеште талаа ээлери 3 упайга ээ болушту. Оюндун биринчи бөлүгүндө 0:0 эсеби сакталып калды. Ал эми 2 бөлүктүн 60-мүнөтүнөн 70-мүнөтүнө чейин 3 гол жаралды. 61-мүнөттө жаралган Грант Карапетяндын жана 69-мүнөттө жаралган Асылбек Исаковдун голдоруна "Кара-Балтанын" оюнчулары 1 жолу гана гол менен жооп бере алышты. 67-мүнөттө жаралган голдун автору жарым коргоочу Алишер Усубалиев болду. Жыйынтыгында "Кара-Балта" клубу 4 оюнда бир да упай топтой албай, чемпиондуктун акыркы сабына жайгашты.
"Илбирс"-"Нефтчи" 0:1
Кант шаарында өткөн беттеште коноктор минималдык эсепте жеңишке жетишти. 17-мүнөттө орун алган Арген Жуматаевдин голу оюндагы жападан жалгыз гол болду. 2-таймда талаа ээлери жараткан бир нече кооптуу абал жыйынтык алып келген жок. Натыйжада 4 оюндун баарында жеңишке жеткен Нематжан Шакировдун шакирттери 12 упай менен Кыргыз Премьер-Лигасынын сап башында келе жатышат.
Кыргыз Премьер-Лигасынын 4-турдан кийинки жадыбалы: