"Өч алуучулар" ("Мстители: Финал") тасмасынын финалдык бөлүгү кассалык жыйымдар боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Bloomberg агенттигинин маалыматында жарыяланды.
Marvel жана Disney киностудиялары жараткан "Өч алуучулар" тасмасынын акыркы финалдык бөлүгү 5 күндүн ичинде эле 1,2 миллиард доллар чогултту. Муну менен Marvel киностудиясы өзүнүн тарыхында былтыркы рекордун жаңылады. Тактап айтканда, өткөн жазда чыккан ушул эле франшизага таандык "Өч алуучулар. Бүтпөс согуш" тасмасы алгачкы аптанын соңунда эле 640 миллион доллар чогулткан. Bloomberg агенттигинин алдын ала божомолдоосунда тасма жалпы 2 жарым миллиард доллар чогултушу күтүлүүдө.
Жаңы "Өч алуучулар" тасмасынын финалы дүйнөлүк экранга 24-апрелде көрсөтүлгөн. Ал эми АКШда 26-апрелде бет ачары болгон. Бишкекте бүгүн, 29-апрелден тартып көрсөтүлүп баштады. "Өч алуучулар-4" Marvel киностудиясынын 11 жылдык "тасма ааламынын" жыйынтыктоочу бөлүгү болуп саналат.