Антарктидада климаттын өзгөрүшүнөн улам пингвиндердин дүйнөдөгү эң ири тобу жок болуп кетүү коркунучунда турат. Акыркы үч жылда бир да пингвин төлдөгөн эмес. Бул тууралуу Antarctic Science журналы жазды.
2016-2017-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына караганда император пингвиндер тобу жашаган континенттин муз катмары эрип баштаган. Буга байланыштуу пингвиндердин колониясы бөлүнүүгө учураган. Айрымдары жер которуп Halley Bay аймагынан көчүп кетишкен. Бир жылдан кийин жер которгон "мигранттардын" саны көбөйбөгөнү белгилүү болгон.
Окумуштуулар бул нерсеге Антарктидадагы климаттын өзгөрүшү себеп экенин белгилешүүдө. Halley Bay аймагындагы муздун эрте эришин дайыма көзөмөлдөп туруу мүмкүн болгон эмес. Спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу гана пингвиндердин тобун окумуштуулар көрүп турушкан. Halley Bay аймагында 25 миңге жакын пингвиндер жашагандыктан бул дүйнөдөгү эң ири пингвиндер тобу катары саналып келген.