Индонезиянын президенти өлкөнүн борборун Жакартадан башка жакка которгону жатат

Индонезиянын президенти Жоко Видодо өлкөнүн борборун Жакартадан башка жакка которгону жатат. Бул тууралуу Индонезияны улуттук өнүктүрүүнү пландоо министрлигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жакартада 2014-жылы калктын саны 10 миллиондон ашкан. 2015-жылы агломерация же өндүрүштө иштеп, окуган адамдар жана жашагандардын саны жалпы 30 миллионго жеткени белгилүү болгон. Жашоочулар көп болгондуктан унаа тыгыны көйгөйү жаралып келет.

Мындан сырткары шаарды суу каптоо коркунучу жаралган. Белгилүү болгондой, аймакта суунун деңгээли жыл сайын 15 сантиметрге жогорулап, жер катмары чөгө баштаган.

Жаңы борбор калаа кайсы болору азырынча белгисиз. Борборду которууга 10 жыл кетери айтылган. Ага канча каражат коротулары аныктала элек. Бийлик буга инвесторлорду чакырууну пландашууда.

Индонезияда 17-апрелде дүйнө жүзү боюнча эң ири шайлоо өттү. Өлкөнүн шайлоочулары президентти, парламент депутаттарын жана мыйзам чыгаруу органынын аймак башчыларын тандашкан. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда чарчагандыктан шайлоо комиссиясынын 296га жакын мүчөсү каза болгону айтылган. Шайлоонун жыйынтыгы 22-майда расмий жарыяланат. Шайлоого талапкерлигин койгон өлкөнүн азыркы президенти сурамжылоолорго таянып өзүнүн жеңишин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2019-04-30 09:18:11
Биз жака которуп койгула деп салдым
-2
Wibee
2019-04-30 11:21:39
Башка жака эле болот
-2
Wibee
2019-04-30 11:22:42
Бул туралуу эле болот
-3
Tursunbaev1978
2019-05-02 11:25:16
Жакартада 10 миллионго жетпеген калк жашайт,лапшагондор,коммент өчүрбөй катаңарды оңдогула
+2
Айпери Ганыжан кызы
2019-05-02 13:51:28
Tursunbaev1978, Саламатсызбы! Туура, калктын саны 10 миллион. Агломерация боюнча 30 миллион деп белгиленген.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан