Мексикада АКШга жетүү үчүн жүк ташуучу поезддин үстүндө бара жаткан мигрант суусуз калып, ачкадан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы маркум башка мигранттар менен АКШга сапар алган. Алар бир нече саат бою тамак-ашсыз жана суусуз поезддин үстүндө күнгө какталып жол жүрүшкөн. Орто жолдон ал эс-учун жоготкон, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан алы кеткен жигит каза болуп калган.
Өткөн аптада ушундай ыкма менен АКШга жетүү үчүн поезддин үстүнө жашынып бараткан 38 жаштагы мигрант кулап кетип колунан айрылганы маалым болгон. Мексиканын улуттук миграция институтунун жетекчиси Тонатиу Гилен Лопес 23-апрелде билдиргендей, акыркы 30 күн аралыгында Мексикадан кайра өз өлкөлөрүнө 15 миң адам кайтарылган. Ал эми акыркы 3 ай аралыгында Мексика аркылуу АКШга 300 миң адам өткөнү маалымдалды.