"Каалабай жатканыңда сүрөткө тартса кандай болот экен?" Кыздарды видеого тартып, аны жайылтканга айыпталган Түштүк кореялык ырчынын сүрөтү сыйлык алды

Түштүк кореялык ырчы Чоң Жун Ёң сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча айыпталып жатканы белгилүү. Бул тууралуу коомчулукка жарыялангандан кийин ал 12-мартта чет өлкөдөн Түштүк Кореяга келген. Анын аэропортто журналисттердин арасында тартылган сүрөтү сыйлык алды. Сүрөттү фотокабарчы Ким Чан Хён тарткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кореядагы фото кабарчылар ассоциациясынын өкүлү: "Сүрөт мыкты жасалгаланган искусство болбосо дагы сыйлык ала алат. Чоң Жун Ёң боюнча айтсам, ага байланыштуу иш коомчулукта катуу талкууга алынды. Ошондуктан сүрөт да баалуу. Анын кепкасы түшүп, күзөтчүлөр менен ЖМК өкүлдөрү түрткүлөп жатканы сүрөттө тартылган. Кырдаал реалдуу көрсөтүлгөн, ошондуктан көп упай берилди", - деп билдирген.

Сүрөткө колдонуучулар "Каалабай жаткан учуруңда сени сүрөткө тартса кандай болот экен?" деп пикир калтырышкан.

Март айында Түштүк Кореядагы белгилүү ырчылардын кылмыш ишине катыштыгы бар деген маалымат чыккан. Алар 8 адамдан түзүлгөн топто кыздар менен болгон жыныстык катнашынын видеолорун бири-бирине жөнөтүп талкуулашканы айтылган. Мындан сырткары сексуалдык кызмат көрсөтүүгө, зордуктоого айыпталганы маалым болгон. Жаңжал коомчулукта талкууга алынгандан кийин шектүү катары каралган актёр Чуэ Жоң Хун, ырчы, "Big Bang" тобунун мурунку солисти Сың Ри жана ырчы Чоң Жун Ёң шоу-бизнестен кете турганын билдиришкен.

Ырчы Чоң Жун Ёңдун зомбулугуна кабылдым дегендердин саны 7 адамга жетти. Бул тууралуу KBS каналы жарыялады.

Түштүк Кореяда кылмышка шектелген ырчынын сүрөтү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан