Бүгүн, 30-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйыны өттү. Жыйынга спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Күрөш федерациясынын вице-президенти, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу жана балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова катышты.
"Чемпиондукка катышып, ийгиликке жетишкен балбандарга мамлекет тарабынан кандай сыйлык берилет" деген суроого Күрөш федерациясынын вице-президенти, депутат Динара Исаева "эң башкы сыйлык - моралдык колдоо" деп жооп берди.
"Балбан кыздарыбыз - өлкөбүздүн алтын фонду. Биз алар менен сыймыктанышыбыз жана сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүшүбүз керек. Албетте, аларды шыктандыруучу сыйлыктарды берүүгө мүмкүн, бирок эң мыкты шыктандыруу - бул моралдык жактан колдоо. Тарыхта Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал сыяктуу энелерибиз болгон. Алардын мүнөзү биздин балбан кыздарыбызда бар. Бул эң башкысы", - деди Исаева.
Ал эми спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жоомарт Шамканов спортчуларды сыйлоо атайын комитет тарабынан ишке ашырыларын белгиледи.
"Спортчулар жетишкендиктери үчүн атайын түзүлгөн комитет тарабынан сыйланат. Азырынча ким, кандай сыйлык алары белгисиз. Балким, жыл аягында өтүүчү сыйлык тапшыруу аземинде спортчуларыбыз жетишкендиктери үчүн шыктандыруучу сый акчаларга ээ болот", - деди Шамканов.