Айсулуу Тыныбекова: "Олимпиаданын алтын медалын тагынганга чейин өзүмдү спортко арнап койгом"

Олимпиаданын алтын медалын тагынганга чейин өзүмдү спортко арнап койгом. Мындай пикирин балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 30-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

"Азия чемпиондугуна буга чейин катышып жүргөн мелдештердин бири катары эле мамиле жасадык. Алтын медалды тагынып, 3-ирет Азия чемпиону аталдым. Алдыда бир эле негизги максатым бар. Ал олимпиада оюндарында алтын байгени жеңүү. Мен өлкөмө олимпиаданын медалын алып келгенге чейин өзүмдү бир гана спортко арнап койгом. Ал тилегим орундалмайынча эч качан токтобойм.

Мелдеш анчейин деле оор болгон жок. Болгону финалдык беттеште бир аз көйгөйлөр болду. Алгачкы 3 мүнөттүктө 6:1 эсебинде жеңилип калдым. Бирок өзүмө ишеничимди жоготкон жокмун. Жыйынтыгында япониялык балбанды жеңип алдым", - деди Тыныбекова.

Күрөш боюнча Азия чемпиондугу 23-апрелден 28-апрелге чейин Кытайдын Сиань шаарында өттү. Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдешке 4 балбан кыз катышкан. Айпери Медет кызы жана Мадина Надирова медаль үчүн күрөштөн четтеп калса, 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова коло медалды, 62 килограммга чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова алтын медалды жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
monok2001
2019-04-30 14:26:34
Айсулуу мн Ак жолдон алтын күтсөк болот.Калган спортчуларыбызгада ийгилик
+4
Shaa-82
2019-04-30 14:30:17
Тилегин ишке ашсын! Буюрса алтынды да аласын деп ишенем.
+6
bond02
2019-04-30 14:37:09
Кыздардын да кулагы сынат экен да э.
-4
Romantik.
2019-04-30 15:02:34
bond02,хаха
-3
Kairat1996
2019-04-30 14:37:56
Генийлер.
-4
Wold
2019-04-30 14:49:48
Кой айланайын кайдагы темир үчүн жан талашпа, аял затысың аял затындай эле жашачы байболгур, миңдеген чоочун эркектердин көзүнө труси-майкачан чыгып назиктигин жоготуп күнөөгө батпай.
0
monok2001
2019-04-30 15:47:54
Жалан эле минусго
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан