super.kg logo

9 жаштагы баланы "акча уурдадың" деп унаасына сүйрөткөн таякеси үй камагына чыгарылды

 

Бишкекте 9 жаштагы баланы "акча уурдадың" деп унаасына сүйрөткөн таякеси үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалым болгондой, чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

"Сот баланын таякесин жашаган жеринен алыска чыкпоо чечими менен үй камагына чыгарды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Б.С. аттуу жаран камакка алынып, 2010-жылы туулган К.Ж. аттуу бала ар түрдүү жаракаттарды алып, борбордогу №3 балдар ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектелип кармалган жаран мындай жоругун аны тарбиялоо максатында жасаганы менен түшүндүргөн.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.04.2019. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
07-05-2018
Соӊку аракети:
17-06-2019 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акмакты атыш керек эле, ким чыгарды СОТТОР козунор оюлсун !!!!!
30.04.2019. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
07-05-2018
Соӊку аракети:
17-06-2019 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланын кусуру урсун акмак, оо ХХХХ ата энелер баланарды аягыла, тууп салып эле чет олкого кетпей
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-30 16:14:25
30.04.2019. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
10-06-2019 21:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+5
Адам жырткыч жаныбарга эле кирет экен :((( Таш боор болуп эле баратат инсан деген ушул экен да
30.04.2019. 17:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
459
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
17-06-2019 18:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы барып акчанын жетишпегендигине барат да.Апасы деле озуно алпарып карабайбы?
30.04.2019. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1828
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
17-06-2019 13:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жини келип эми машинасы менен тебелетип кетсе ким жооп берет?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127697;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: