Бишкекте өтүп жаткан Урмат менен Нелянын концертинде зал 100 пайызга толду

Бүгүн, 30-апрелде Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз шоу-дүйнөсүндөгү бал шириндер Урмат Усенов менен Неля 2-күндөгү концертин берүүдө. Концертке келген эл залдын 100 пайызын түздү. Концертте алып баруучулук милдетти Айзада Жамгырчиева менен Алмаз Шер аркалап жатышат.

Алгач концертти "Агама" бийчилер тобу бий менен ачып берген соң, үлгүлүү, жылдыздуу түгөйлөр чыгышты. Эл менен учурашып, "Багым бар" аттуу ырды аткарышты. Андан соң чыгармаларынан "Энекем" аттуу ырын аткарып, Урмат Усенов өз апасына белекке гүл сунду.

Концертке бал шириндерди куттуктап ырчылар Съездбек Искеналиев, Фарида Карбосова, Сема, Максат Садырбеков жана башкалар келишти. Ошондой эле түгөйлөрдү куттуктап келген Султан Садыралиев жандуу ырдап, залдагы элдин купулуна толду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
katerina.li
2019-04-30 21:50:41
Улгулуу уй було экенине ишкнбейм
-8
Wibee
2019-05-01 05:31:05
Тообо, Урматты уран деп окуп алыпмын.Уран чуусу деп эле жанылыктардан окуй берип мееге синип калыптыр
+4
newman
2019-05-01 06:59:45
katerina.li,ишенбесең кой
-1
JENTLEMAN
2019-04-30 22:19:50
Булардын тоесть артисттердин эмнеси үлгүлүү? Артисттердин жашоосун "Үлгүлүү" дебей эле койгулачы сураныч, по любому артистта.
+4
Mamiev
2019-04-30 22:37:38
Азамат бактылуу болгула. Эптеп концерт коюп ачка тапкандарга караганда тузук эле жасаптыр сахнаны.
+1
Abdizhapar
2019-05-01 00:41:37
Нормальный ыры жок адамга неге 100пайыз келет тушунбойсун
+2
Gulem
2019-05-01 00:41:53
Султан "Суйуу тамчысы","Эгиз журок"деп ырдаганда эле зал дуу болсо керек,сахнага аз чыгып журот,дагы да купулга толчуу ырларды кутобуз ийгилик!
0
Paprikafm
2019-05-01 02:04:56
Нурлан Насип келбедиби, ата апасын куттуктап
-2
vikidiki
2019-05-01 11:08:26
Башка ырчы-чоорчуларга караганда улгулуу эле тугойлор. Он жылдын ичинде бир да жолу чырга аралашышкан жок. Балдарын шоу кылышкан жок. Бир жагымсыз кабар уктунар беле ушу тугойлор жонундо? Албетте жок! Бактылуу болгула бактылуу тугойлор!
0
pat12
2019-05-01 12:08:35
Жакшы. Эн жакшы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан