Японияда жаңы император Нарухитонун такка отурушу менен Рэйва доору башталды

1-майда Японияда жаңы император Нарухитонун такка отурушу менен Рэйва доору башталды. 30-апрелде 85 жаштагы император Акихито такты уулуна бошотуп, Хэйсэй доорунун акыркы күнү болгон. Буга байланыштуу атайын иш-чара өтүп, өлкө элинин атынан премьер-министр Синдзо Абэ императорго ыраазычылык айткан. Эки императордун көзү тирүү кезде доор алмашканы 200 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат.

Бүгүн Токиодо императордун такка отурушуна байланыштуу салтанат өтөт. Ага аялы Масако, император үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү, премьер-министр Синдзо Абэ, министрлер, парламент палатасынын жетекчилери, Жогорку Соттун судьялары, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат.

Жаңы императорго анын ыйгарым укуктарынын символу катары башкы мамлекеттик жана жеке мөөр, кылыч, баалуу таш, күзгү берилет.

Император Нарухито 1960-жылы туулган. Азыр 59 жашта. Атасы Акихито 1991-жылы такка отургандан тартып расмий түрдө мураскер ханзаада болгон. Ал Токиодогу Гакусюин университетинде, Оксфорддо билим алган. Аялы 55 жаштагы Масако - Япониядагы белгилүү дипломаттын кызы. Токиодогу университетте жана Гарвардда билим алган. Экөөнүн Айко аттуу бир кызы бар. Ал 2001-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ysakov_Nur
2019-05-01 08:54:36
Башка мамлекеттерде башчылар алмашкан сайын жаны доор, жаны онугуулор башталат.
Бизде жаны саясий куугунтуктоолор, жаны карыз алуу, жаны партиялардын элдин канын соруулары башталат
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан