Түштүк Африка Республикасында шахтадан сыртка чыгаруучу систем иштен чыгып, 1800 адам чыга албай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Sibanye Gold компаниясына таандык шахтада адамдарды сыртка чыгаруучу систем жарактан чыккан. Шахтёрлор 1,5 чакырым тереңдикте камалып калган. Учурда компаниянын акциялары 2,8 пайызга түшүп кеткени айтылууда.
"Абал өтө оор, бирок шахтёрлор коопсуз аймакта, таза суу бар. Учурда шахтёрлорду сыртка чыгаруу аракеттери көрүлүүдө", - деп билдирген компаниянын өкүлү Жеймс Веллстед.