Индияда экзаменден начар баа алган 20 студент өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Телинган штатынын билим берүү кеңеши студенттерге бааларын жарыялагандан кийин болгон. Балдарынан айрылган ата-энелер буга компьютердик системден техникалык ката кеткен деп айыптап чыгышты.
"Жалпысынан экзаменди 1 миллион студент тапшырып, анын 350 миңи начар баа алган. 20 студенттин өлүмүнөн кийин эл митингге чыгып, аларды саясий партиялар да колдошкон. Бийлик өкүлдөрү начар баа алган бардык тесттерди кайра карап чыгарын убадалашты. Сириши аттуу студент биология сабагынан начар баа алганын билген соң өзүн-өзү өрттөп, дагы бир студент асынып алганы маалым болду. Мындан сырткары бийлик өкүлдөрү студенттерди экзаменди начар тапшыруу өз өмүрүнө кол салууга алып барбашы керек, начар баа - жашоонун бүтүшү эмес деген билдирүү тараткан", - деп айтылат маалыматта.