Португалиялык футболчу, "Ювентус" курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң кымбат унаанын ээси болот. Чет элдик басылмалар Криштиану Роналду унааны 11 миллион еврого сатып алганын жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, футболчу Bugatti автоконцернинин эң кымбат - La Voiture Noire унаасын алуу үчүн буюртма берди. Криштиану Роналдунун буюртмасы 2021-жылы даяр болору айтылды.
La Voiture Noire - 16 цилиндрлик кыймылдаткыч менен, көлөмү 8 литр. Кубаттуулугу 1 миң 500 аттын күчүнө барабар. Автоконцерн унаа сүйүүчүлөрүнүн көзүн күйгүзгөн бул машина 1 эле даана чыгарылганын, бирок дароо сатылып кеткенин кабарлаган. La Voiture Noire унаасы Bugatti автоконцернинин 110 жылдык урматына чыгарылган. Аталган унаа атайын буюртма менен жасалары маалымдалган.