1-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алкагындагы беттештер старт алды. Алгачкы беттеште англиялык "Тоттенхэм" клубу менен голландиялык "Аякс" клубу беттешти.
Жарым финалга чейинки оюндарда анчейин күчтүү эмес команда катары эсептелген "Аякс" клубу "Реал-Мадрид", "Ювентус" өңдүү командаларды жеңип, бул жылдын ачылышы аталса, "Тоттенхэм" клубу жарым чейрек финалда "Боруссия Дортмунд", чейрек финалда "Манчестер Сити" командаларынын үстүнөн ийгиликке жетишкен.
"Тоттенхэм"-"Аякс" беттеши Англиядагы "Тоттенхэм Хотспур Стэдиум" деген стадиондо өттү. Гарри Кейн, Сон Хын Мин сыяктуу лидерлердин жоктугуна байланыштуу "Тоттенхэм" оюндун нугун алгачкы мүнөттөрдөн тарта коноктордун эркине койду. "Аякстын" оюнчулары беттештин башынан тарта чабуул коюуга киришти. Анткени амстердамдык клуб акыркы оюнун 1 жума мурда өткөрүп талаа ээлерине караганда көбүрөөк эс алган эле. Бир нече кооптуу абалдар 15-мүнөттө жемишин берди. Хаким Зиештин чыгарып берген тобу дарбазачы менен бет маңдай турган Донни ван де Бекке келип, ал эч кыйынчылыксыз эсеп санын ачты. Алгач офсайд абалы болгондой көрүнгөнү менен, видеокайталоодон баары эреженин алкагында орун алганы белгилүү болду. Оюн кайрадан жанданары менен Бек дароо эле экинчи голун жаратып коё жаздады. Бирок бул ирет Уго Льорис буту менен соккуну тосуп калганга жетишти. Натыйжада алгачкы 45 мүнөттүк 0:1 эсеби менен коноктордун пайдасына жыйынтыкталды.
Экинчи таймда талаа ээлери өзүнө келип, оюндун жүрүшүн көзөмөлдөөгө өтүштү. Бирок курч чабуулдарды уюштурууга "Аякстын" коргоочулары мүмкүнчулүк берген жок. Ар бир чабуул талаанын ортосунан өтөрү менен атаандаштар тарабынан токтотулуп жатты. Беттештин соңуна 12 мүнөт калган учурда коноктор дагы бир гол жаратууга толук мүмкүнчүлүк алышты. Каршы чабуулдун жыйынтыгында Давид Нерес жакын аралыктан дарбазага сокку узатып, бирок топ дарбаза мамысына тийип калды. Жыйынтыгында минималдык эсеп айырмачылыгы менен "Аякс" командасы жеңишке жетишти. Эки команданын жооптук беттеши 9-майга караган түнү орун алып, финалга чыгуучу команда Амстердам шаарында аныкталат.