АКШнын Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарындагы университетте ок атылып, 2 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 30-апрелде болгон. Анда университеттин ичине кирип келген адам бир канча студентке ок чыгарган.
"Окуядан улам дагы 2 адам катуу корккон абалда. Шектүү катары бул окуу жайдын 22 жаштагы студенти кармалды. Окуя болгон жерге келген полиция шектүүнүн куралын алып, андан соң өзүн колго түшүрүшкөн. Учурда ал эмне себептен ок атканы тууралуу маалыматтар жок", - деп жазышат басылмалар.
Аталган университетте 26 миңден ашык студент билим алат жана 3 миңден ашык кызматкер эмгектенет.