Бийчи Атай Өмүрзаков баш болгон бийчилер тобу Кытайда "World’s Got Talent" сынагына катышып жатышат. Кыргыз өлкөсүнүн атын таанытып жүргөндөрдүн арасында бийчинин жаңы окуучулары, "Тотем шоу" тобу жана "Үмүт" борборунан Адина Самыйбек кызы бар.
Алардын сынактын 1/4 турунда көрсөткөн бийи калыстардын мактоосуна татыды. Кыргыз бийчилери "World’s Got Talent" долбоорунун жарым финалына өтүштү. Бийде 4 картайган киши окумуштуунун сыйкырдуу лазеринин айынан жашарып, бийлөө талантын көрсөтүшөт.