Бразилиялык топ-модель күчүктөрүн куткарам деп сууга чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу 2-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык 28-апрелде Ильябела аралында орун алган. Анда бразилиялык топ-модель Каролин Биттенкурт күйөөсү жана эки күчүгү менен кайыкта деңизге сейилдөөгө чыгышкан.
"Аба ырайы бузулуп, катуу шамалдын айынан эки күчүк сууга түшүп кеткен. Каролин куткаруу максатында алардын артынан сууга секирип, кайра чыкпай калган. Күйөөсү Хорхе Сестини аялынын артынан сууга секирип, бирок аны куткара алган эмес. Өз өмүрүн сактоо үчүн ал жээкке 3 саат чабак уруп араң жеткен. Сестини нес абалында "мен аялым чөгүп жатканын көрдүм, бирок аны куткарып кала алган жокмун" деп билдирген. Алгач топ-модель дайынсыз деп айтылып, кийин анын жансыз денесин куткаруучулар жээкке чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.
Каролин Биттенкурт Бразилияда белгилүү модель жана алып баруучу катары таанымал. Күйөөсү экөө ушул жылдын башында үйлөнүшкөн. Маркумдун артында 17 жаштагы кызы калды.