Кытайлык үй-бүлө кызынын билим алуусу үчүн Стэнфорд университетине 6,5 миллион доллар пара берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Окуя 2017-жылы болгонун жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине ишеничтүү булактары билдирген. Кытайлык үй-бүлө кызынын АКШдагы жана дүйнөдөгү эң беделдүү университеттердин бири болуп саналган Стэнфорд университетинен билим алуусу үчүн коммерциялык уюмдардын бирине ири суммадагы пара берген.
"Коммерциялык уюм студенттерди жогорку окуу жайга өтүү үчүн даярдоо менен алектенишет. Уюмдун жетекчиси Уильям Сингер кытайлык кызды парус спортунда чоң ийгиликтерди жараткан деген жасалма документтер менен окууга өткөргөн. Мындан сырткары Сингер кыз окууга өткөндөн кийин университеттердин яхтсмендеринин машыктыруучусуна 500 миң доллар пара бергени да аныкталды", - деп айтылат маалыматта.