Бүгүн, 30-июлда Баткен районунун Паскы-Арык айыл аймагында Тажикстандын жараны кыргыз жаранын сүзүп, кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматы билдирди. Жол кырсыгынан жабыркаган 19 жаштагы кыз оор абалда Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Ыкчам жүргүзүлгөн иштин натыйжасында Баткен чек ара отрядынын кызматкерлери кырсыкка күнөөлүү жаранды кармашкан. Ал айылдык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.