23 жашка чейинки спортчулардан куралган өлкөнүн волейбол боюнча курама командасы Орусияда өткөн эл аралык мелдештин алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Тилектештик кубогу" аталган мелдеш 1-2-май күндөрү Хабаровск шаарында өтүп, ага 3 мамлекеттен келген 6 команда катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн курамасы "Жаштык" аталышында мелдешке катышып, тайпалык баскычта Тажикстандын "Памир" жана Хабаровск шаарынын "ДВГМУ" командасын жеңип алган.
"Жарым финалда кыргыз волейболчулары мелдештин учурдагы чемпиону Орусиянын "Чита" командасын жеңип алды. Ал эми финалдык беттеште Благовещенск шаарынын "Амурстрой" командасынын үстүнөн 3:1 эсебинде жеңишке жетишти", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз курама командасынын жыйынтыктары:
Тайпалык баскыч:
"Жаштык" - "Памир" 3:0
"Жаштык" - "ДВГМУ" 3:2
Жарым финал:
"Жаштык" - "Чита" 3:0
Финал:
"Жаштык" - "Амурстрой" 3:1