Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз мекендештерин уурдап, зомбулук көрсөтүп, опузалап акча талап кылып жүргөн Кыргыз жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө маалымат келип түшкөн. Анда уюшкан кылмыштуу топ Кыргыз жарандарын өлтүрөбүз деп коркутуп, күч колдонуу жолу менен акча каражаттарын чогултуп жүрүшкөнү айтылат. Андан тышкары адамдарды уурдап, алар айткан талаптар аткарылбаса туугандарын жазалай турганын айтып келишкен. Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси "адам уурдоо, кылмыштуу оюн ишке ашыруу" менен иш козголгон. Шектүү катары жабыр тарткандардын аты-жөндөрү такталып, алар 29-апрель күнү колго түшүрүлгөнү айтылат.
"Алардын бири Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну, ал Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунун “смотрящийи” болгон. Экинчи кармалган жаран Алай районунун 31 жаштагы Э.А. аттуу жараны. Ал жогорудагы адамдын жакыны болгон жана криминалдык чөйрөнүн адамдарынын бири. Алар ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары катталышкан. Шектүүлөр 30-апрель күнү Санкт-Петербург шаарында 2 айга камакка алынышкан", - деп билдирет басма сөз кызматкери.