31-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Садыбакасов, Ак-Марал, Түндүк, Ярославский көчөлөрүндө, Дүйшөмбү көчөсүндөгү №6-көп кабаттуу үйдө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Ушул эле убакыттарда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын Калинин, Түндүк, Чкалов, Комсомол, Мичурин, Садовый, Ленин көчөлөрүндө, Жеңиш проспектисинде, Маевка, Төмөнкү Ала-Арча айылдарында, Сокулук районундагы Раздольный, Ак-Жол айылдарында, Комсомол айылынын Дорожная көчөсүндө электр энергиясы чектелет. “Түндүк электр” ишканасы өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоого жана электр чубалгыларына тоскоолдук жараткан дарактарды бутоо иштерине байланыштуу экенин билдирди.