Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорн өзүнүн жан сакчысы, жеке күзөт кызматчысынын башчысына үйлөнүп, ага ханыша титулун берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Падыша акыркы жылдары Сутхида Тиджай менен коомчулукка бир нече ирет чыгып, бирок экөөнүн мамилеси расмий ачыкталган эмес.
Падышалыктын расмий билдирүүсүндө Вачиралонгкорн "жубайы, генерал Сутхида Вачиралонгкорн На Айудхага ханыша титулун жана падыша үй-бүлөсүнүн мүчөсү макамын берүү чечимин кабыл алды" деп айтылат.
Маха Вачиралонгкорн 2016-жылы такка отурган. 66 жаштагы падыша буга чейин үч жолу үйлөнүп, ажырашкан. Анын мурдагы аялдарынан 7 баласы бар. Ал 2014-жылы Thai улуттук авиакомпаниясынын стюардессасын өзүнүн коопсуздук кызматынын башчысынын орун басарлыгына дайындаган. Эки жылдан кийин ага армиянын генералы деген чин берген. Падышанын тою үй-бүлөсү, кеңешчилеринин курчоосунда өткөн. Экөөнүн үйлөнүү тою телекөрсөтүү аркылуу берилген. Анда падыша жубайы Сутхиданын башына ыйык сууну куюп жатканы көрсөтүлгөн.