30-июлда саат 09:30да Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылынын четинде жайгашкан көлмөгө 55-60 жаштагы, европа улутундагы эркек адам чөгүп кеткени белгилүү болду. Анын жансыз денесин ӨКМнын Аламүдүн райондук Куткаруу кызматынын куткаруучулары суудан чыгарып, Аламүдүн райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.