"Жылдыздар согушу" тасмасында Чубакканын ролун аткарган актёр Питер Мейхью каза болду. Ал 19-майда 75 жашка толмок. Бул тууралуу маалымат актёрдун Твиттердеги баракчасына жарыяланган. Анда Питер Мейхью 30-апрелде Техастагы өз үйүндө көз жумганы айтылат.
Бою 2 метр 21 сантиметр болгон актёр Жорж Лукастын "Жылдыздар согушу" тасмасында (1977-1983-жылдары) Чубакка ролун аткаргандан кийин атактуулукка жеткен.
Ал 2005-жылы "Жылдыздар согушу. III эпизод: ситхтердин өч алышы" жана 2015-жылы "Жылдыздар согушу: Күч-кубаттын жанданышы" бөлүктөрүнө да тартылган. 2017-жылы тасманын акыркы эпизодун тартуу учурунда Чубакканын ролун аткаруу боюнча кеңешчи болгон.
Питер Мейхью 1944-жылы 19-майда Англияда туулган. Актёр кайрымдуулук акцияларына активдүү катышып келген. Мындан улам үй-бүлөсү анын күйөрмандарына эскерүү үчүн гүлдүн ордуна каражатты кайрымдуулук фондуна берүүнү сунушташкан. Питер Мейхьюну эскерүү иш-чарасы Лос-Анжелес шаарына 29-июнда өтөрү белгилүү болду.